Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Москвада кыргызстандыктардын тою атышуу менен аяктаганы айтылууда


Москванын түштүк тарабындагы кафелердин биринде кыргызстандыктар өткөргөн той жапырт мушташ жана атышуу менен аяктаганын орусиялык айрым маалымат булактары жазып чыкты.

Lifenews.ru тараткан кабарга ылайык, мушташка катышкандардын бири курал колдонгон. Жарадар болгон төрт кишинин үчөө октон жабыркаган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, тойдо келин менен күйөөнүн туугандары кайым айтышып, чоң мушташка айланган. Бул боюнча полиция териштирүү жүргүзүп, кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатканын ТАСС агенттиги маалымдады.

XS
SM
MD
LG