“Дордой” базарындагы тигүү цехтеринин бирин карактаган деген шек менен сегиз аял кармалып, сурак берип жатат. Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 6-августта кечке жуук алар цехке кирип, тикмекананын ээсине күч колдонушкан жана тигилген 60 даана кийимди алып кетишкен.
Бул боюнча азыр иликтөө иштери уланып жатат.