Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Көчмөндөр оюндарына арналган аземдерди дрондо тартууга тыюу салынды


Биринчи көчмөндөр оюндарынын ачылуу аземи. 2014-жыл. Ысык-Көл.
Биринчи көчмөндөр оюндарынын ачылуу аземи. 2014-жыл. Ысык-Көл.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземдерин учуучу аппараттар (дрон) менен тасмага тартууга тыюу салынды. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди. Мындай чечим кокустуктардын алдын алуу жана келген коноктордун коопсуздугуна байланыштуу кабыл алынган.

Андан тышкары, 28-августтан 2-сентбярга чейин генералдык даярдык учурунда да дрон пайдаланууга болбойт.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда 3-8-сентбярь күндөрү өтөт. Спорттун 23 түрүнөн мелдешүүгө 29 мамлекеттин өкүлдөрү келишет.

XS
SM
MD
LG