Чет элдиктерге мыйзамсыз түрдө кыргыз паспортун жасап берүүгө шектелген эки киши Түркиядан Кыргызстанга алып келинди. Алар 18-майда Стамбулда жасалма кыргыз паспорту менен кармалган кытайлык жарандарга мыйзамсыз документ кылып берген деп айыпталып жатышат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, аларга чет элдиктерди мыйзамсыз миграцияга тартканы үчүн да айып коюлууда:
- Экөө тең Кыргызстандын жарандары. Бул боюнча Коопсуздук комитети Кылмыш-жаза кодексинин тийиштүү беренелери менен кылмыш иши козгогон.
Кытайлык 98 уйгурдан жасалма кыргыз паспорту табылган бул окуя боюнча комментарий берген Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев алар Кыргызстандан тыш аймакта жасалган болушу ыктымалдыгын билдирген эле. (SE)