Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

Пакистанда ооруканага жанкечти чабуул жасады


Жардыруу болгон оорукана
Жардыруу болгон оорукана

Квета шаарындагы ооруканага 8-августта жасалган чабуулдан мерт кеткендер саны 53 болду. Курмандыктар саны дагы өсүшү мүмкүндүгүн жергиликтүү булактар кабарлашты. Полиция жарадар болгондор отуздан көп экенин кабарлады.

Жардыруу ок атуудан каза тапкан белгилүү адвокаттын сөөгү госпиталга алып келингенден кийин жасалган.

Провинциянын ички иштер министри Сарваз Бугти жардырууну “теракт” деп атады. Окуяга эч кайсы тарап жоопкерчилик ала элек.

Белужистан провинциясынын бийлиги иликтөө иштери башталганын билдирди.

Адвокат Билал Касини атып өлтүрүүнүн артында ким турганы да азырынча аныктала элек. Ал бүгүн сотко бараткан мезгилде атып өлтүрүлгөн. Госпиталдагы жардыруудан каза болгондордун көпчүлүгү Касини ооруканга алып келген юристтер экенин полиция кабарлады. (AiT)

XS
SM
MD
LG