Синоптиктер 8-августта Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел коркунучу бар экенин эскертет.
9-августта жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрулүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +29...+34,
Талас жергесинде түнкүсүн +12...17, күндүз +28...+33,
Баткен облусунда түнкүсүн +16...+21, күндүз +30...+35,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +31...+36,
Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +25...+30,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +10...+15, күндүз +24...+29,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз +10...+15 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +17…+19, күндүз+32…+34 градус болот.