Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Түштүк Корея жараны чек арадан мыйзамсыз өттү деп кармалды


Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы Түштүк Корея жараны чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн кармалганын билдирди. Ал Чүйдүн Аламүдүн районунда “Кант” чек ара өткөрүү пунктунда колго түшкөн. Маалыматка караганда, ал буга чейин Казакстанда болуп, паспортуна өлкө аймагында жүрүү боюнча коюлган мөөрдүн мөөнөтү өтүп кеткен. Мындан улам мыйзамсыз түрдө Кыргызстанга кирип, андан ары Кытайга учууга камынган.

Кармалган жаран Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди. (SE)

XS
SM
MD
LG