Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

“Танк биатлону-2016” мелдешинде кыргыз командасы жарым финалга чыкты


Эл аралык аскер мелдешине катышып жаткан кыргыз жоокери.
Эл аралык аскер мелдешине катышып жаткан кыргыз жоокери.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн курама командасы Орусияда өтүп жаткан эл аралык аскер оюндарынын жарым финалына чыкты.

Башкы штабдын басма сөз кызматы билдиргендей, сынакка катышып жаткан 17 мамлекеттин ичинен Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Индия, Беларус, Азербайжан, Армения, Монголия, Сербия, Иран жана Ангола жарым финалга жолдомо алышты.

Кувейт, Тажикстан, Венесуэла, Никарагуа жана Зимбабве тийиштүү упай топтой албай, мелдештен четтеди.

Кезектеги таймаштар 10-августта болот.

“Танк биатлону-2016” мелдеши 30-июлда башталган, 13-августта жыйынтыкталат.

XS
SM
MD
LG