Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Украинанын мурунку депутаты жикчилдик боюнча айыпталды


Украина. Донецкидеги жол белги.
Украина. Донецкидеги жол белги.

Украина Радасынын мурдагы депутаты Владимир Медяникке Киев шаарынын Печера райондук соту тарабынан айып коюлду. Соттун чечимине ылайык ал 2 ай абакта болот.

Медяникке коюлган айып ушул жылы 30-июлда абакка алынган Региондор партиясынын мурунку лидери Александр Ефремовдун ишине байланыштуу экени кабарланды. Ефремов жикчилдерге каржылык колдоо көрсөткөн деп айыпталып, камакка алынган эле.

Чыгыш Украинада 2014-жылы башталган урушта 9500 киши набыт болгону кабарланган. (AiT)

XS
SM
MD
LG