Орусия Федерациясынын башкы банкынын эсеби боюнча, быйылкы жылы экономика аз болсо да өсө баштайт. 8-августа таратылган маалыматта алты айдын жыйынтыгы боюнча 0.3% өсүш болгону, ал эми жылдын аягына чейин ал 0.5% жетээри айтылган. Өткөн жылы Орусиянын экономикасы -3.7% төмөндөгөн эле. Эл аралык эксперттер аз да болсо өсүш болот деген маалыматты оптимисттик деп атады. Эл аралык валюта кору быйылкы жылы орус экономикасы -1.2% төмөндөйт деп эсептеген. Орусия Крымды басып алгандан кийин Батыш тарабынан киргизилген санкциялар жана мунайга баанын арзандоосу орус экономикасына чоң зыян алып келди. (AiT)
Орусиянын Борбордук банкы экономикада бир аз өсүш болгонун билдирди
