Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Тажикстан: экстремизм боюнча айыпталган 18 адам соттолду


Дүйшөмбү соту 8-августта Рогун шаарынын 18 тургунун 3,5 жылдан 10 жылга чейин абакка кести. Алардын айрымдары "күч менен конституциялык түзүлүштү бузууга чакыруу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал эми Ражабмурод Раджабов аттуу жаран 2009-жылы сакалын салафи стилинде өстүрүп алган деген айып менен беш жылга соттолгонун "Азаттыктын" тажик кызматы жазып чыкты. Бирок анын туугандары мындай айыпты, аны жалган жалаа деп айтышууда. Алар Раджабов 2009-жылы 6-класста окугандыктан, сакал койду деген айып негизсиз экенин билдирип чыгышты.

Дүйшөмбү соту бул өкүм боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек. Соттолгондордун баары 20-35 жаштагылар. 10-мартта Тажикстандын Ички иштер министрлиги Рогундун бир катар жашоочулары экстремисттик топторго тиешеси бар деген айып менен кармалганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG