Кыргыз командасы кийчү форманы бүгүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция, Көчмөндөр оюндары катчылыгынын жетекчилери элге тааныштырат. Май айында Кыргызстандын курама командасы менен калыстар тобунун кийимдери үчүн сынак жарыяланган. Дизайнерлер сунуштаган улуттук кийимдердин үлгүлөрүн тандоодо кыргыздын улуттук өзгөчөлүктөрү, белгилери менен иштелип чыккан эскиздерге басым жасалды.
Буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий гимни чыгарылган. Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда 3-8-сентябрь күндөрү өтөт. 29 мамлекеттен келген өкүлдөр спорттун 23 түрү боюнча күч сынашат. (NT)