Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:16

УКМК Сириядагы согушка аттанган эки адамды алып келди


Улуттук коопсуздук комитети Сириядагы согушка аттанган эки кыргызстандыкты кайтапрып келди. Бул тууралуу аталган комитеттен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Коопсуздук комитети Сирияга согуштук аракеттерге катышуу үчүн кеткен Баткен облусунда туулган эки адамды чет өлкөлөрдүн биринен кармаган. Алар аталган өлкө аркылуу Сирияга өтүүнү пландаган. Кармалган жарандар 31-июлда Кыргызстанга алып келинип, камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМКнын маалыматы боюнча, ушу тапта Кыргызстандын 600дөн ашык жараны Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүрөт. Алардын 70тен ашууну уруштарда курман болду. (BkA)

XS
SM
MD
LG