Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Аскерге барбай жүргөндөрдү өлкөдөн чыгарбоо сунушталды


Кыргыз армиясынын жоокерлери
Кыргыз армиясынын жоокерлери

Мындай сунуш менен Аскер иштери боюнча мамлекеттик комитет чыкты. Аталган комитет бул боюнча атайын жобо иштеп чыккан.

Жободо аскерде кызмат өтөөгө милдетүү, бирок барбай жүргөн жарандарды өлкө чек арасынан чыгарууга чектөө киргизүү каралууда. Ага ылайык, Аскер иштери боюнча комитет аскерге барбай жүргөндөрдүн тизмесин Чек ара кызматына берет. Аталган кызмат жобонун аткарылышын көзөмөлдөйт.

Мындай чара өлкөдө аскер жашына жеткен жарандардын мекен алдында кызмат кылуудан качып, башка өлкөлөргө чыгып кеткенине байланыштуу сунушталууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG