Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Атамбаев Пакистандагы терактка байланыштуу көңүл айтты


Жардыруудан кийин.
Жардыруудан кийин.

Президент Алмазбек Атамбаев Кветта шаарындагы терактка байланыштуу Пакистандын президенти Мамнун Хуссейнге көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Көңүл айтуу телеграммасында «Кветта шаарындагы терористтик актыдан улам көптөгөн курмандыктар болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан бул үрөй учурган мыкаачылык актыны чечкиндүү айыптайт жана терроризмге каршы дүйнөлүк коомчулуктун аракеттерин бириктирүү маанилүү экендигин белгилейт», - деп айтылат.

Пакистандын Квета шаарындагы ооруканага 8-августта жасалган чабуулдан 70ден ашык адам мерт кетти. Жарадарлардын саны жүздөн ашты.(BkA)

XS
SM
MD
LG