Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:55

“Жалал-Абад 27” минерал булагын айыл өкмөт алат


Жалал-Абад минералдык суусу чыккан Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу булак айыл өкмөткө алынат. Бул тууралуу Барпы айылдык кеңешинин депутаты Дөөлөтбек Эргешов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Бир топ жыл мурда “Келечек” фирмасына берилген 3 гектар 80 сотых жайыт жерде минералдык суу чыккан булак көрсөтүлгөн эмес. Булактан күнүнө жүз тонна суу ташылып кетет.

Аны иштеткен ишкер пайда көрүп, бирок айыл өкмөткө салык төлөөдөн баш тартып келген.

Ошондой эле минералдык булакты кайтаруу боюнча азыр сот аткаруучулар иштеп жатканын кошумчалады. “Келечек” фирмасынын директору Келдибек Туманов “Азаттыкка” комментарий берүүдөн баш тартты. (RsK)

XS
SM
MD
LG