Линктер

шаршемби, 23-август, 2017 Бишкек убактысы 10:11

Кабулда эки күндөн бери жабык турган Ооганстандагы Америка университети бүгүн кайра иштей баштады. 7-августта окуу жайга жакын жерден университеттин эки кызматкерин куралчан адамдар уурдап кеткен. Ошондон бери алардан дайын жок.

Уурдалгандардын бири австралиялык, экинчиси америкалык жаран экенин жергиликтүү бийлик кабарлоодо.

Ошондон бери мекеме жабылып, коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Адам уурдоо фактылары Ооганстанда көп катталат. (RK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG