Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

Сербияда ЛГБТ өкүлү министрлик кызматка көрсөтүлдү


Ана Брнабич
Ана Брнабич

Сербияда ЛГБТ өкүлү өкмөт мүчөлүгүнө сунушталууда. Өзүнүн адаттан тыш сексуалдык багытын жашырбаган 40 жаштагы Ана Брнабич Мамлекеттик администрация министрлигин жетектемей болуп жатат.

Өкмөт башчы Александр Вучич аны болочок министрдин жеке жашоосу кызыктырбай турганын, кесипкөйлүк сапаттарын жогору бааларын айтты.

Сербиянын кумсалар биримдиги бул чечимди тарыхый деп атоодо.

Вучичтин жаңы оңчул министрлер кабинетинин курамы парламенттин кароосуна ушул жуманын аягында сунушталат.

Калкынын 80% православдар түзгөн Сербияда кумсаларды куугунтуктоо жана басмырлоо фактылары аз эмес. 2010-жылы ашынган улутчулдар гей-параддын катышуучуларына кол салып, 150 адам жараат алгандан кийин бийлик мындай иш-чараларга үч жылга тыюу салган. (RK)

XS
SM
MD
LG