Райондун Кара-Суу айыл округунда ушул жылдын май айында орун алган табият кырсыгынан улам турак жайлары кооптуу абалга кептелген 32 үй-бүлө азыркыга чейин башка жакка көчүрүлө элек.
Бул тууралуу айылдык кеңештин депутаты Тилеген Келдибев “Азаттыкка” билдирди. Чалдыбар жана Кезарт айылдарында селден жабыркаган 8 үй-бүлө чатырга көчүрүлүп, калгандарын да тез арада коопсуз жайга жайгаштыруу маселеси жаралган. Абал менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков таанышып, үй-жайы жабыркагандарга жер тилкесин жана ссуда берүүнү тездетүүнү тапшырган.
“Арадан 3 ай өтсө да, бирок ушул күнгө чейин жашоочулар жардам алыша элек”,- деди Келдибаев.
Жабырлануучулар чатыр ичи ыңгайсыз болгондуктан кайра эле жараксыз үйлөрүнө кирип алышты.
Ушул жылдын май айында болгон сел ташкынынан улам Аксы районунда 50 турак жай аркыл деңгээлдеги кыйроолорго учураган, анын ичинде 31 турак жайдын тургундары көчүрүүгө муктаж, ал эми эки үй авариялык абалда жана жашоого жараксыз деп табылган. (RsK)