10-августа түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +29...+34,
Талас жергесинде түнкүсүн +13...18, күндүз +28...+33,
Баткен облусунда түнкүсүн +16...+21, күндүз +30...+35,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +31...+36,
Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +24...+29,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +10...+15, күндүз +21...+26,
10-августта Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 16…18°, күндүз 31…33° ысыйт.