Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Путин менен Эрдоган мамилени жаңылоо жолдорун талкуулайт


Түрк жана орус президенттери Эрдоган менен Путин бүгүн Санкт-Петербургда былтыр ортодогу мамиле бузулгандан бери биринчи жолу жолугушканы жатат.

Кечээ журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Эрдоган Орусия менен мамилесин жакшыртууну, эки өлкө ортосундагы алаканы "жаңы барактан" баштоону кааларын айтты.

"Бул жаңы барагыбыз аскерий, экономикалык жана маданий кызматташтыкты камтыйт" деди ал.

2015-жылдын ноябрь айында түрк аскерлери Сирия менен чектеш аймакта орусиялык Су-24 учагын атып түшүргөн. Ошондон кийин Орусия Түркия менен соода-сатыкка санкция киргизип, өз жарандарына бул өлкөнүн курортторуна барып эс алууга тыюу салган.

Бүгүнкү жолугушуу расмий Анкаранын Батыш жана АКШ менен мамилеси бузулуп турган чакта өткөнү жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG