Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:02

Москва менен Анкара жаңы кызматташтыкты талкуулоодо


Орус-түрк кызматташтыгынын бүгүнкү күндөгү негизги багыттары соода-экономикалык мамилелерди жана террорчулукка каршы күрөштү калыбына келтирүү болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн Санкт-Петербургда Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушууда Орусия башчысы Владимир Путин билдирди.

- Соңку жылдары эки өлкө ортосундагы мамиле өтө жогорку деңгээлге жана сапатка жеткен. Бирок былтыр биздин аскер кызматкерлер каза болгон окуядан кийин начарлап, деградация болуп кеткен, - деди Путин.

Түрк президенти Эрдоган Путинге эки мамлекет ортосунда түзүлгөн "деликаттуу" учурда убакыт таап, кабыл алууга макул болгону үчүн жана 15-июлда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалганда өзү биринчи телефон чалып, расмий Анкарага колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазылыгын айтты.

2015-жылдын ноябрь айында түрк аскерлери Сирия менен чектеш аймакта орусиялык Су-24 учагын атып түшүргөн. Ошондон кийин Орусия Түркия менен соода-сатыкка санкция киргизип, өз жарандарына бул өлкөнүн курортторуна барып эс алууга тыюу салган. (RK)

XS
SM
MD
LG