Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

Олимпиада-2016: эки кыргызстандык спортчу күч сынайт


Бразилияда өтүп жаткан Жайкы Олимп оюндарынын төртүнчү күнүндө бүгүн 15 топтом медаль ойнотулат.

Бул күнү кыргызстандык эки спортчу мелдештерге катышат. Сууда сүзүүчү Денис Петрашов 200 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө жарышка түшөт.

Петрашовдун жарышы Бишкек убактысы боюнча кечки саат 22:40та башталат. Ал бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Учурда 16 жашта. Июль айында Якутияда өткөн “Азия балдары” эл аралык мелдешинде 200 жана 100 метрге сүзүүдө алтын жана күмүш байгени алган.

10-августка караган түнү таңкы саат 4:00до оор атлетчи Изат Артыков 69 килограммга чейинки салмакта күч сынайт. Бул салмакта байге үчүн 21 спортчу таймашат. Артыков ушул жылдын апрель айында Ташкентте өткөн лицензиялык Азия чемпиондугунда алтын медаль тагынган. Учурда 23 жашта. Кыргызстандан жайкы Олимп оюндарына 19 спортчу аттанган.

Буга чейин дзюдочу Отар Бестаев, боксчу Эркин Адылбек уулу, оор атлетчи Жаңыл Окоева жана сууда сүзүүчү Дарья Таланова мелдештерин жыйынтыктаган.(ECh)

XS
SM
MD
LG