Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

ТИМ Түркияда адам өлтүрүүгө шектелип кыргызстандык камалганын тастыктады


Иллюстрация
Иллюстрация

Түркиянын Конья шаарында адам өлтүрүүгө шектүү катары 26 жаштагы кыргызстандык кыздын камакка алынганы боюнча маалымат ырасталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Конья коопсуздук органы менен бул окуя боюнча кабарлашкан. Түрк коопсуздук органдары бул маалыматты бышыктаган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул окуяны Кыргызстандын элчилиги өз көзөмөлүнө алганын кабарлады.

Түрк маалымат каражаттары 26 жаштагы кыргызстандык кыз Конья шаарынын тургуну Муаммер Башактын өлүмү үчүн шектүү катары кармалганын жазып чыккан. Маалыматка ылайык, аталган кыз Анталияга иштөө үчүн келип, бирок алданып калып денесин сатып иштеп жүргөнү, кийинчерээк Муаммер Башак менен таанышып, чогуу жашап калганын айтканы кабарланган.(BKA)

XS
SM
MD
LG