Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:35

Рио-2016: спортчу Денис Петрашов жарым финалга өтпөй калды


Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Бразилияда өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында мелдештерин жыйынтыктады. Ал 9-августта 200 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө тандоо жарышында 2 мүнөт 16.57 убакытта сүзүп келип, 38-орунду алды. Жарым финалга өтө алган жок.

Беш тандоо жарышында мыкты болгон 16 спортчу 39 катышуучунун арасынан жарым финалга жолдомо алышты. Бул аралыкта лидер болгон орусиялык Антон Чупков 2 мүнөт 07.93 убакыт менен көч башында келди. Денис Петрашов буга чейинки квалификациялык жарышта 2 мүнөт 19.17 секунд аралыгында сүзүп келген. Петрашов учурда 16 жашта. Ал бир нече эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды, эл аралык класстагы спорт чебери наамын ээлеген. Быйыл июлда Якутияда өткөн "Азия балдары" эл аралык мелдешинде 200 жана 100 метрге сүзүүдө алтын жана күмүш байгени алган.

Рио-де-Жанейродо 5-августта расмий ачылган Олимп оюндарына Кыргызстандан 19 спортчу барган. Алардын ичинен дзюдочу Отар Бестаев, боксчу Эркин Адылбек уулу, оор атлетчи Жаңыл Окоева жана сууда сүзүүчү Дарья Таланова күч сынашып, мелдештерин жыйынтыктаган. (ECh)

XS
SM
MD
LG