Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Португалиянын токойлорун өрт каптады


Португалия
Португалия

Португалияда токойлорду өрт каптап, 400дөн ашуун адам эвакуацияланды. Өлкө бийлигинин маалыматы боюнча, Мадейра аралындагы райондордо токойлор катуу өрттөнүп жатат. Аны өчүрүү аракети азырынча майнап бере элек. Аймакта ондогон адам түтүнгө ууланып, ооруканага түштү.

Тилсиз жоодон Португалиянын материктик бөлүгү да зыян тартууда. Өрт өчүрүүгө 4 миңге чукул куткаруучу жана 26 учак тартылган. Эң оор абал Португалиянын түндүгүндө жаралып, карагай жана эвкалипт токойлорун өрт чулгады. Аба табы 30 градустан ашты. Өрт менен түтүндүн жыты баш калаа Лиссабондо байкалып жатканы кабарланды. Португалияда кургак жана ысык аба ырайынан улам август айында маал-маалы менен өрт чыгып турат.

XS
SM
MD
LG