Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

Орусияда “Танк биатлону-2016” мелдеши уланат


Орусияда өтүп жаткан эл аралык “Танк биатлону-2016” аскер оюндарындагы мелдеш бүгүн уланат. Буга чейин кыргыз командасы жарым финалга чыккан.

Башкы штабдын басма сөз кызматы билдиргендей, сынакка катышып жаткан 17 мамлекеттин ичинен Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Индия, Беларус, Азербайжан, Армения, Монголия, Сербия, Иран жана Ангола жарым финалга жолдомо алышкан.

Кувейт, Тажикстан, Венесуэла, Никарагуа жана Зимбабве тийиштүү упай топтой албай, мелдештен четтеди. “Танк биатлону-2016” мелдеши 30-июлда башталган, 13-августта жыйынтыкталат. (NT)

XS
SM
MD
LG