Кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыков Бразилияда өтүп жаткан Олимп оюндарында коло байгенин ээси болду.
Иззат Артыков 10-августка караган түнү 69 килограммга чейинки салмакта күч сынашууга чыкты. Булкуп көтөрүүдө 151 кг, түртүп көтөрүүдө 188 килограмм салмакты көтөрүп жалпы 339 килограмм көрсөткүч менен 3-орунду алды. Бул салмакта 352 килограммды көтөргөн кытайлык Ши Жуйонг биринчи, 351 килограмм салмакты багынткан түркиялык Данияр Исмаилов экинчи орунду алды. Артыков алган коло медаль Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарында Кыргызстан үчүн алгачкы байге.