Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы аскер лицейинен 69 курсанттын качканы тууралуу маалыматты Башкы штаб төгүнгө чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Майрамбек Мисиев “Азаттык” радиосуна билдирип, мындай маалымат чындыкка төп келбестигин, окуучулар эгемендик майрамына карата парадга даярданып жатканын айтты.
Буга чейин айрым маалымат булактарында лицейде 3-курста окуган 69 курсант качканы, бирок алар кайра окуу жайга келгени тууралуу кабар чыккан. Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Адыл Курбановага шилтеме кылып, курсанттар менен командирлер арасында чатак чыкканы тууралуу “Вечерний Бишкек” басылмасы жазып чыккан. (SE)