Лашкар Гах шаарынын талиптердин колуна өтүү тобокелчилигине байланыштуу өлкөнүн коопсуздук күчтөрү күчөтүлдү. Гилменд провинциясынын кеңешинин төрагасы Кериим Атал талиптер Лашкар Гах шаарын толук курчоого алганын, өкмөттүк күчтөр көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен чегингенин 10-августа билдирди. Атал ошондой эле өкмөттүк аскерлерге жаңы күчтөр келгенин белгиледи. Уруштан улам Лашкар Гахка келген жолдор жабылгандыктан шаарда азык-түлүк кымбаттоодо. Буга чейин салыштырмалуу тынч эсептелген Лашкар Гахка караштуу Нава жана Гармшер райондорунда 10-августта катуу кармаш жүрүп жатканы кабарланды. АКШнын абадан колдоосуна карабай, талиптер июль айынын аягында ал райондордогу айрым жерлерди көзөмөлүнө алышкан. (AiT)