Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:03

Бүбү Мариямдын китебин экстремисттик деп табуу чечими күчүндө калды


Бүбү Мариям Муса кызы жазган “Айкөл Манас” чыгармасын экстремисттик деп табуу боюнча Жумгал райондук соту чыгарган чечим күчүндө калды. Мындай бүтүмдү бүгүн Нарын облустук соту карап чыгарды.

Отурум өтүп жаткан кезде сыртта он чакты адам чечимде күчүндө калтырууну талап кылып митинг өткөрүштү.

Китепти 19-июлда Жумгал райондук соту экстремисттик деп тапкан. Буга нааразы болгон Бүбү Мариям Муса кызынын тарапташтары аппеляциялык арыз менен Нарын облустук сотуна кайрылышкан.

Чыгарманы экстремисттик деп табуу демилгесин Башкы прокуратура сунуштаган.

Аталган китеп кыргыз элинин улуттук кадыр-баркын кемсинтет, тарыхый фактыларды бурмалайт жана диний, улут аралык касташууну тутандырышы мүмкүн деп табылган. (SE\MiK)

XS
SM
MD
LG