Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:12

Укук коргоочулар аскер лицейине кире албай жатканын айтышууда


"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова курсанттарга байланышкан окуяны иликтөө максатында Дайыр Асанов атындагы аскер лицейине бир сааттан бери кире албай турганын "Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, аталган аскердик окуу жайдын 69 курсанты качып кетип, кайра кайтып келди деген маалыматтын чын-төгүнүн тактоо максатында Кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлү жана башка жарандык активисттер лицейге барышкан. Алар курсанттардын өздөрү менен жолугушууну көздөшкөн. Анткен менен күзөттө турган курсанттар жетекчиликтин уруксаты жок деген жүйө менен киргизбей жатат.

Абдирасулова муну курсанттардын качып чыгуусун жаап-жашыруу аракети катары баалоодо.

Буга чейин айрым маалымат булактарында лицейде 3-курста окуган 69 курсант качканы, бирок алар кайра окуу жайга келгени тууралуу кабар чыккан. Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Адыл Курбановага шилтеме кылып, курсанттар менен командирлер арасында чатак чыкканын “Вечерний Бишкек” басылмасы жазып чыккан. Башкы штаб болсо бул маалыматты төгүндөгөн. Бирок окуучулар 9-августтун кечинде качып кеткенин атын атабоону өтүнгөн ата-энелердин бири "Азаттыкка" ырастады. Маалыматка караганда, кечээ аларга аскер лицейинен телефон чалышып, баласынын кайда экенин сурашкан, бирок ал үйгө келген эмес.

Кийинчерээк качып чыккан курсанттар жетекчилерине өздөрү чалып, 10-августта кайтып барарын айтышканы белгилүү болду. Бүгүн курсанттар, ата-энелер жана лицей жетекчилигинин катышуусунда чогулуш өткөн. Курсанттар офицерлердин бирине нааразылык иретинде мындай кадамга барышканын кабарлашып, аны жумуштан алууну талап кылышкан. (NT)​

XS
SM
MD
LG