Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Үркүн курмандыктарынын табылган сөөктөрү "Ата-Бейитке" коюлат


 "Ата-Бейит"
"Ата-Бейит"

1916-жылдагы кандуу окуяларда кырылгандардын сөөгү бүгүн "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлат. Бул тууралуу Үркүндү иликтөө боюнча көз карандысыз коомдук комиссиянын төрагасы Азимбек Бекназаров "Азаттык" радиосуна маалымдады. Анын айтымында, аталган комиссиянын демилгеси менен былтыр Ысык-Көлдө өткөн элдик курултайда Үркүндүн 100 жылдыгын 11-августта белгилөө чечими кабыл алынган. Анткени 1931-жылы дал ушул күнү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов кандуу окуянын 15 жылдыгын өкмөттүк деңгээлде Фрунзеде өткөргөн.

Бекназаровдун белгилешинче, Барскоон өрөөнүнүн Чаар-Арча аймагынан табылган сөөктөр символикалык түрдө "Ата-Бейитке" кайра жерге берилмекчи.

Туура 100 жыл мурун орус падышачылыгынын аскерлеринин мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздар Кытай тарапка качууга аргасыз болгон. Тарыхчылардын айтымында, бул окуялардан аймактагы калктын саны 40 пайызга чейин азайган.

Совет учурунда Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, ага калыс баа берилген эмес.

Бишкектин четинде жайгашкан "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси 2000-жылы негизделген. Бул жерде 1937-38-жылдардагы репрессиянын 137 курмандыгынын жана 2010-жылдагы апрель окуясында каза тапкан 30 адамдын сөөгү жатат.

Былтыр президент Алмазбек Атамбаев “Ата-Бейит” көрүстөнүндө Үркүндө курман болгондорго арналган мемориалдык комплекс куруу боюнча жарлык чыгарган. (NT)

XS
SM
MD
LG