Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Тажикстан менен Ооганстан чек ара маселесин талкуулады


Тажик-ооган чек арасы
Тажик-ооган чек арасы

Ооганстан президентинин улуттук маселелер боюнча кеңешчиси Мухаммад Ханиф Атмар 10-августта Дүйшөмбүгө барып, Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун кабыл алуусунда болду.

Сүйлөшүүлөрдө террорчулук, экстремизм, маңзат аткезчилигине каршы биргеликте күрөшүү жана чек араларды коргоодо чогу кызматташуу тууралуу кеп козголду.

Расмий маалыматтар боюнча, быйыл тажик-ооган чек арасында 17 жолу куралдуу кагылышуулар болуп, мыйзам бузган 8 киши өлтүрүлгөн. 1400 чакырымга созулган тажик-ооган чек арасы аркылуу аткезчилер маңзаттарды Борбор Азия жана Орусиянын көмүскө базарларына ташыйт.

Байкоочулар акыркы убакытта Ооганстандын Тажикстан менен чектеш аймактарында талиптердин жана башка экстремисттик топтордун таасири күчөп жатканын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG