Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Порошенко Москванын айыптоосун четке какты


Украина президенти Петро Порошенко украин атайын кызматтары Крымга жашыруун кирүүдө деген Орусиянын айыптоосун четке какты. Бул тууралуу Украина президентинин расмий сайтындагы маалыматта айтылат.

Порошенко Орусия Укринаны жаман көрсөтүүгө далалаттанып жатканын, Москванын эл аралык санкцияларды алдыруу максаты ишке ашпай турганын белгилеген.

Буга чейин орус президенти Владимир Путин Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Норманд форматындагы жолугушууну “маңызсыз” деп атаган. Ал мындай пикирин Крымда украиналык “диверсанттар” кармалды деген Федералдык коопсуздук кызматынын билдирүүсүнөн кийин айткан эле. Орус бийлиги кармалгандар украин чалгын кызматкерлери экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG