Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 01:03

Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыкты


Өмүрбек Текебаев

Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы адамдар бийликти өз максатына колдонууга аракет кылууда. Текебаев Кыргызстан референдум өткөрүү менен 2010-жылга чейинки кырдаалга туш болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

27-июлда парламенттеги КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү” фракциялары Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп, тиешелүү мыйзам долбоорун өз ара макулдашкан. Референдум өткөрүү күзгө мерчемделген. Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууда. Ал аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктары кеңейтип, сот реформасын тездетүү үчүн жасалып жатканы айтылган.

Бирок бир катар оппозициячыл саясатчылар, жарандык активисттер жана депутаттар Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы экенин билдирүүдө. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (20)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG