Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:54

Кыргызстанда интернет кымбатташы мүмкүн


Кыргызстанда интернеттин тарифи эки-үч эсеге кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын байланыш операторлор ассоциациясынын директору Нурбек Абасканов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанга интернет түйүндөрү Казакстан аркылуу келет. Жакында казакстандык интернет провайдерлер өлкөдөгү байланыш операторлоруна дүйнөлүк желе үчүн тарифтер кымбаттаарын билдирген:

- Интернетке баа бир топ эле кымбатташы мүмкүн. Эки-үч эсеге чейин көтөрүлүшү ыктымал. Жакында өлкөдөгү бардык байланыш операторлоруна казакстандык провайдерлер интернет кымбаттаары тууралуу эскертүү беришти. Себебин түшүндүрүшө элек, - деди Абасканов.

Нурбек Абасканов учурда казак интернет провайдерлеринен түшүндүрмө күтүп жатышканын кошумчалады.

Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылы Кыргызстанда мобилдик байланыш компаниялары 18 870 млн сомдук интернет - кызмат көрсөткөн. Бул мурунку жылга караганда 1,8% көп, ал эми 2011-жылга салыштырмалуу 36,6% көп.(BkA/TSh)

XS
SM
MD
LG