Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Путин Крымдын коопсуздугун күчөтүү боюнча жыйын курду


Орус президенти Владимир Путин бүгүн, 11-августта Коопсуздук кеңеши менен жыйын куруп, Крымдын коопсуздугу үчүн кошумча чараларды талкуулады. Бул тууралуу Кремлдин сайтында кабарланат.

Москва 10-августта украиналык чалгынчылар Крымда пландаган террордук актылардын алдын алганын айтып чыккан. Украина муну кескин четке кагып, ал орус тараптын чагымчылдыгы катары баалаган.

Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалымат катчысы Владислав Селезнев коргонуу үчүн күчтөрү жетиштүү экенин жана Крымдын тегерегиндеги кырдаалга көз салып турушканын билдирүүдө.

Орусия Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган.

XS
SM
MD
LG