Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

Текебаев: Бийликти узурпациялоону токтотууга аракет кылам


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен президент Алмазбек Атамбаевдин жанындагы адамдар бийликти узурпациялоого жол ачышы мүмкүн.

- Улам-улам өкмөттү алмаштыруу жолу менен Конституцияда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарын аткара албай турган кылып, “кол балага” айландырып, президент жана анын айланасы Баш мыйзамда көрсөтүлбөгөн ыкмалар менен өлкөнү башкарып келатат. Ушул бийликти узурпациялоонун белгиси. Буга менин да салымым бар. Бул абдан коркунучтуу. Ушул учурга чейин президенттин Конституцияда көрсөтүлбөгөн саясий таасирин күчөтүүгө салымым болгондуктан, аны токтотууга өзүмдү милдеттүүмүн деп эсептейм, - деди Текебаев.

Буга байланыштуу “Ата Мекен” фракциясынын лидери Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы экенин билдирип, мындай аракеттерди токтотууга чакырды. (BkA)

XS
SM
MD
LG