Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясынын Сочиге сапары башталды


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Бүгүн Сооронбай Жээнбеков жетектеген кыргызстандык делегацияны аэропорттон Сочи шаарынын мэри Анатолий Пахомов тосуп алды. Бул тууралуу жеринен "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдирди.

Премьер-министр баштаган топ Орусиянын Сочи шаарына Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн барды. Эртеңки отурумда ЕАЭБдин бирдиктүү соода тармагында жана дары-дармек соодасындагы кызматташуу маселеси каралат. Анын алкагында орус-кыргыз өкмөттөрүнүн эки тараптуу жолугушуусу да болот.

ЕАЭБге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Армения жана Беларус мүчө. (NT/SE)

XS
SM
MD
LG