Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:04

Орусия Крымда кармалган украин жараны күнөөсүн моюнга алганын билдирүүдө


Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Крымда террордук актыларды уюштурууга даярданган деген шек менен кармалган Украина жараны Евгений Пановдун күнөөсүн моюнуна алганы жазылган видеону жарыялады.

Анда Панов жарым аралга жашыруун кирген топтун курамында украин чалгын кызматынын офицерлери да болгонун айтып берген. Ал операция жүрүшүндө орус аскер формалары пайдаланылганын, даярдык көрүү маалында Армянск шаарында курал-жарактар менен жардыруучу заттар катылган жашыруун жер болгонун да билдирген.

10-августта Орусия "украиналык чалгынчылар Крымда теракт уюштурмай болгон" деген билдирүү тараткан. Ошондон кийин эки тараптын тиреши күчөдү.

Расмий Киев муну Орусиянын чагымы катары баалап, Крым жана Донбасс жактагы аскерлерин эң жогорку күжүрмөн даярдыкка өткөрдү. Ошондой эле Крым тарапта аскердик машыгууларды жүргүзүп, эл аралык уюмдарды «Кремлдин чагымдарына» жооп кайтарууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG