Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:11

Акун: Баш мыйзам боюнча Текебаевди жаман көрсөтүү аракети көрүлүүдө


Турсунбек Акун
Турсунбек Акун

Мурдагы Акыйкатчы Турсунбек Акун президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязовдун "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин дарегине карата айткандарын сынга алды. Бул тууралуу ал "Азаттык" радиосуна билдирип, Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыкканы үчүн Текебаевди каралоо аракеттери жүрүп жатканын айтты.

- Фарид Ниязов жалпыга маалымдоо каражаттарына берген маегинде Текебаев кыйратуучу ролду, президент куруучулук ролду аткарып жатат деп атат. Баш мыйзамды өзгөртүүгө макул болбой койсо эле жамандап кириш керекпи? Бул аппарат жетекчисинин иши эмес деген ойдомун. Текебаев Конституциянын "атасы" болгону үчүн Баш мыйзам алты жыл бою өзгөргөн жок.

Кечээ президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча демилгелер бийликке диктаторлордун келишине каршы багытталганын, азыркы Конституцияда президенттин жеке сапаты өтө чоң ролду ойноп, көпчүлүк маселелер анын эрки, ишбилгилиги жана моралдык сапаттарына көз каранды экенин билдирген. Текебаев ар кандай конфигурациялык топторду бүлүндүрүү аракетин көрүп келгенин, президент болсо күчүн бардык саясий күчтөрдү, Кыргызстан элин бириктирүүгө жумшаганын, андыктан бүгүнкү күндөгү кырдаал референдумду четке какпай турганын айткан.

Ага чейин Өмүрбек Текебаев Бишкекте маалымат жыйын куруп, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы адамдар бийликти өз кызыкчылыгы үчүн колдонууга умтулуп жатканын жарыялаган эле. Мындан тышкары Кыргызстан референдум өткөрүү менен 2010-жылга чейинки кырдаалга туш болушу мүмкүндүгүн эскерткен. (NT)

XS
SM
MD
LG