Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

Салык кызматы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товар ташууда мыйзам бузууларды аныктады


Мамлекеттик салык кызматы август айынын биринчи жумасында ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып кирүүдө мыйзам бузган беш фактыны аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул фактылар атайын рейддин жүрүшүндө аныкталган. Буга чейин Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн мыйзамсыз товар ташуу күчөп жатканы айтылып келген. Бул өлкөдөгү салык топтоо жана өлкөдөгү товар өндүрүүчүлөргө терс таасирин тийгизген.

Мындан улам өкмөт башчысы Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн товар киргизүүдө көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырган.(BkA/SE)

XS
SM
MD
LG