Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Иззат Артыков: Алтын медал алууга аракет кылам


Иззат Артыковду тосуп алуу
Иззат Артыковду тосуп алуу

Риодогу Олимп оюндарындагы коло байгенин ээси Иззат Артыков мындан кийинки Олимп оюндарында Кыргызстан үчүн дагы жакшы жыйынтык көрсөтүүгө бардык аракетин жумшарын айтып, колдоо көрсөткөн мекендештерине ыраазычылык билдирди.

Бүгүн Иззат Артыков Кыргызстанга келди. Аны “Манас” аба майданында 200гө жакын күйөрман тосуп алышты. Андан соң Артыков түшкөн автоколонна шаар көчөлөрүн айланып кетүүдө.

Дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашкандай, өкмөт токтомуна ылайык, Иззат Артыковго 3,5 миллион сом сыйлык берилет. Муну менен катар жакынкы төрт жыл аралыгында ай сайын 45 миң сомдон стипендия жана өмүр бою 15 миң сомдон сыйлык алат. Муну менен катар Артыковду тарбиялаган машыктыруучуларга 875 миң сом сыйлык берилет.

Ошондой эле Бишкек мэриясы коло байге ээсине батир жана Улуттук Олимпиада комитетинин президенти автоунаа белек кыларын билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG