Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Атамбаевге акарат айткан адам камакка алынды


Бишкек шаардык милициясы улгайган адамды коркутуп, президент Алмазбек Атамбаевге акарат айткан Расул Алимов аттуу адамды камакка алды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Буга чейин аталган адамдын катышуусундагы видео интернетке тараган эле. Анда Алимов Бишкектин тургунун оройлук менен коркутуп-үркүтүп жатканы баяндалат. Улгайган адам президент Атамбаевге даттанарын айтса, Алимов президенттин дарегине акарат келтиргенин угууга болот.

Мындан соң Расул Алимовдун коркутуусуна туш болгон Бишкектин тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Жыйынтыгында милиция Алимовго карата “кары-картаңдарды мазактоо менен коштолгон бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин ачып, камакка алды.(BkA)

XS
SM
MD
LG