Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:19

Өзбекстан Сирияга аттанган беш тургунун соттоду


Сирия
Сирия

Өзбекстанда Сириядагы согушка катышканы бараткан деген айып менен кармалган беш тургун соттолду. Самарканд облустук соту бүгүн төрт эркек жана бир аялды 10-13 жылга эркинен ажыратты. Алардын үчөө Орусиянын Сочи шаары аркылуу Түркияга, андан ары Сирияга өтүүнү көздөгөн деген шек менен кармалып, кайра Өзбекстанга депортацияланган.

Өткөн айда Самаркандда 6, Наманганда 7 адам ушундай айып менен түрмөгө узак мөөнөткө кесилген болчу.

Сириядагы согушка катышып жүргөн жарандары боюнча Өзбекстан расмий статистикасын жарыялабайт, бирок алардын саны жүздөп саналары белгилүү. (RK)

XS
SM
MD
LG