Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

Турчинов: Орусия мас аскерлеринин былыгын жашыруу үчүн Украинаны каралоодо


Александр Турчинов
Александр Турчинов

Орусия өзүнүн мас аскерлеринин ок атышуусу тууралуу маалыматты жашыруу максатында Украинаны каралап жатат. Бул тууралуу бүгүн Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Александр Турчинов билдирди. Ал Крымдагы соңку окуяларды Орусиянын атайын кызматы уюштурган чагым деп атады.

7-августка караган түнү болгон окуя тууралуу үч күндөн кийин, 10-августта гана жарыяланып жатышын украин тарап "жасалма далил топтоого" ушунча убакыт кеткен деп түшүндүрүүдө.

"Интерфакс-Украина" агенттигинин маалыматына караганда, 7-августта Крымдын Суворово айылынын жанында мас абалындагы орус десантчылары жолдо кетип бараткан автомашинага ок чыгарган, ичиндеги жергиликтүү тургун Хафиз Мухамадов жана дагы бир аял жараат алган.

Орус аскерлери окуя болгон жерден качып кеткени, кийин үчөө кармалып, дагы экөөнө издөө салынганын жазды.

Учурда Орусия менен Украинанын ортосунда кайрадан чыңалуу өкүм сүрүүдө. 10-августта орус тарап "Крымда террордук чабуул даярдап жүргөн украиналык диверсанттарды" кармаганын жарыялаган. Киев Москванын бул билдирүүсүн четке кагып, кечээ Орусия менен чектеш аймактарындагы аскерлердин согушка даяр туруусун буйруган.

Эки өлкө ортосундагы соңку кырдаалга байланыштуу АКШ тараптарды сабырдуулукка, кескин кадамдарга барбоого чакырган.

Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алган. Ошондон бери басылбай келаткан согуштан Донецк жана Луганск аймактарында 9,5 миң жай тургундун өмүрү кыйылды. (RK)

XS
SM
MD
LG