Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Ооган өкмөт башчысы президентти сындады


Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана премьер-министр Абдулла Абдулла (солдо)
Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана премьер-министр Абдулла Абдулла (солдо)

Ооганстандын премьер-министри Абдулла Абдулла президент Ашраф Ганини өкмөт ичинде чыңалууну жаратып жатат деп айыптоодо. Ал Гани мамлекетти башкарууга татыктуу эмес деп, өз ара байланышты эптей албады жана шайлоо системасын реформалай алган жок деп билдирди.

"Өкмөттүн иши токтоп калды, министрлер өз пикирин айта албай жатат. Гани өзү бир саат сүйлөсө, министрлерге 15 гана мүнөт берип коюуда" дейт Абдулла Абдулла.

Президент азырынча бул билдирүүнү комментарийлей элек.

2014-жылы Ооганстанда президенттик шайлоого катышкан Абдулла Абдулла жана Ашраф Гани добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай, бири-бирине көпкө чейин атаандашкан. Натыйжада АКШ ортомчу болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин бири президенттикти алып, экинчисине өкмөт башчылык орун тийген болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG