Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Панкратов: ЕАЭБ мүмкүнчүлүктөрү толук колдонула элек


Сочи
Сочи

Кыргызстандын вице-премьер-министри Олег Панкратов өлкө Евразия экономикалык биримдигине кирип жаткандагы болжолдонгон ийгиликтер толук ишке аша электигин, буга соңку жылдардагы экономикалык кризис таасир берип жатканын айтты.

Бул тууралуу бүгүн Сочиде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынан соң журналисттерге билдирди:

- Уюмга мүчөлүккө өтүп жатканда бизде экономикалык өсүү жаатында алдын ала божомолдор бар эле. Бирок Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгон кез дүйнөдөгү экономикалык кризис өкүм сүрүп жаткан учурга туш келди. Ага карабай, айрым биз күткөн жетишкендиктер ишке ашты,- деген Панкратов буга кыргызстандын жарандарга Орусияда миграциялык көйгөйлөр жеңилдегенин мисал келтирди.

Андан мурдараак премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчылардын кеңейтилген жыйынында сүйлөп жатып, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер ортосунда экономикалык тоскоолдуктар турганын, проблеманы жоюу үчүн кызматташууну жандантуу зарылдыгын белгилеген. Сочиде бүгүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөттөр аралык кеңешинин бир күндүк жыйыны өттү. Кыргызстан аталган уюмга 2015-жылдын 12-августунда расмий мүчө болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG