Түрк бийлиги мамлекеттик төңкөрүш аракетин жасады деп айыптап жаткан бозгундагы оппозиционер Фетхуллах Гүлен ага карата коюлган айыптардын "эч болбогондо айрымдары далилденсе" мекенине кайтып келерин билдирди.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Гүлен дүйнөлүк коомчулукту Түркиядагы 16-июлдагы окуяны иликтөө үчүн эл аралык комитет түзүүгө чакырды. Анын белгилешинче, бул өлкөдө көз каранды эмес соттор жок.
Төңкөрүш аракетине тиешеси бар, Гүлен менен байланышта деп 10 миңден ашуун түрк жараны кармалган. (RK)